Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

Былтыр Кыргызстанда 40 миңден ашуун киши көз жумду


Кыргызстандагы бейиттердин бири. Баткенде тартылган сүрөт.
Кыргызстандагы бейиттердин бири. Баткенде тартылган сүрөт.

Кыргызстанда 2020-жылы 40 001 адам көз жумду. Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 6684 адамга көп.

2019-жылы түрдүү себептер менен 33 317 адам жашоо менен кош айтышкан.

2018-жылы дүйнөдөн кайткан кыргызстандыктардын саны 33 миңден ашкан эмес.

Саламаттык сактоо тармагындагы адистер адам өлүмүнүн көп болушуна коронавирус пандемиясын, ыштын таасирин жана өлкөнүн медицинасынын чабалдыгын себеп катары көрсөтүп жатышат.

Расмий маалымат боюнча, өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан көз жумгандардын саны 1400гө, илдет жугузуп алгандар 83 900 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Коронавирус пандемиясы учурундагы жоготууларды жана гуманитардык жардамдардын бөлүштүрүлүшүн иликтеген мекеме аралык комиссия өткөн аптада чыгарган корутундуда илдеттен көз жумгандар расмий көрсөткүчтөн эселеп көп экенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG