Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Өмүрбекова: «Мен иштеген кезде гуманитардык жардам аз келген»


Алтынай Өмүрбекова, мурдагы вице-премьер-министр.
Алтынай Өмүрбекова, мурдагы вице-премьер-министр.

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 26-январда түштөн кийин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) сурак бергени кирди.

Ал кирип бара жатып 2020-жылдын 27-январынан тартып ошол кездеги өкмөт коронавируска каршы күрөшүүгө эксперттердин кеңеши менен даярдык көргөнүн билдирди. Өмүрбекова сырттан келген гуманитардык жардам ал кызматта турганда аз өлчөмдө келгенин айтты:

«Мен иштеген убакта гуманитардык жардам өтө көп деле келген эмес. ЮСАИД, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сыяктуу айрым эл аралык өнөктөштөр бир аз гуманитардык жардам беришкен. Анын баары кандай бөлүштүрүлгөнү тууралуу маалыматтар бар. Көбүнчө беткап, коргоочу форма сыяктуу медициналык каражаттар келген. Аларды Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларга бөлүштүргөн деп айта алам. Мен кеткенден кийин эмне болгонун айта албайм.»

Алтынай Өмүрбекова апрель айынын башында вице-премьер-министрлик кызматтан кеткен. Ал Мухамедкалый Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда кызматта эле.

Буга чейин Финансы полициясында мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов сурак берген.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев сентябрь айында камакка алынып, быйыл январда үй камагына чыгарылган.

Алтынай Өмүрбековадан тышкары андан кийин кызматка келген мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова да 26-январда сурак берип чыкты. (BCh)

XS
SM
MD
LG