Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 08:05

Кең-Суу айылындагы мугалим тууралуу тасма эл аралык фестивалда баш байге алды


Токтожума Стахановдун үйүндөгү мектеп.

Кыргызстандык кинорежиссёр Ибадылла Ажибаевдин «Мугалим» аттуу даректүү тасмасы Түркиянын Анкара шаарында өткөн фестивалда баш байгени жеңип алды. Сыйлык тапшыруу аземи 27-январда Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө өттү.

Бишкектик документалист Ибадылла Аджибаев тасмада Нарын облусунун тоолуу Кең-Суу айылында жашап, иштеген мугалим Токтожума Стаханов жөнүндө айтып берет. Каарман кичинекей кыштактагы мектептин 12 окуучусу үчүн шаардагы жашоосунан жана университеттеги абройлуу ишинен баш тарткан.

«Мугалим» даректүү тасмасы буга чейин да Германияда жана Орусияда өткөн кинофестивалдарда баш байгелерди жана байгелүү орундарды жеңип алган. Түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы уюштурулган фестивалда калыстардын сынына 30дан ашык документалдык эмгек коюлган.

17 түтүн эл жашаган Кең-Суу айылы Жумгалдын Кабак айыл өкмөтүнө карайт.

Токтожума Стаханов иштеген мектепте башталгач класстын ондон ашуун окуучусу билим алат. Бешинчи класстан баштап алар окуусун башка айылдарга же шаарга барып улантканга аргасыз.

21-декабрда «Азаттыктын» «Данисте» телеберүүсүндө Нарын облусунун Жумгал районундагы Кең-Суу айылы тууралуу баяндалган. Анда айылда үйүн мектепке айлантып, балдарды окуткан мугалим Токтожума Стаханов жөнүндө көрсөтүлгөн. (MJ/BCh)

XS
SM
MD
LG