Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:35

Ош шаарында жер талашкан тургундар пикетке чыгышты


Жер талашкандардын акциясы. Ош шаары, 27-январь, 2021-жыл.
Жер талашкандардын акциясы. Ош шаары, 27-январь, 2021-жыл.

27-январда Ош шаарынын мэриясынын алдына ишкер менен соттошуп жаткан жарандар пикетке чыгышты. Нуркул Шырдаков аттуу ишкер 1998-жылы Мамлекеттик мүлк фондунан сатып алгам деген жер тилкесине байланыштуу 33 үй-бүлөнү сотко берген.

Ишкер менен жарандардын ортосундагы талаштуу жердин жалпы аянты 2,4 гектарды түзөт.

Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык филиалы билдиргендей, Ош шаардык мамлекеттик администрациясы 2,4 гектар жер боюнча Нуркул Шырдаковго 1998-жылы токтом чыгарып берген. Бирок ишкер ал жерди учурунда каттаткан эмес. Азыркы учурда 2,4 гектар жердин 28 сотых жери Нуркул Шырдаковго катталып, калганы башка жарандардын карамагында турат.

Ишкер 33 кожолуктун ар бири менен өз-өзүнчө соттошуп жатат. Кожолуктардын ичинен төртөөнү Жогорку соттон утуп алган. (MrA)

XS
SM
MD
LG