Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

«Кызыл-Бел» бажы өткөрмө постунун жетекчиси кармалды


Баткен шаары.
Баткен шаары.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында жайгашкан «Кызыл-Бел» бажы өткөрмө постунун жетекчисин жеке ишкердин арыз менен кайрылуусунан улам кармады.

Бажы постунун (М.Т.) жетекчиси кызмат абалынан пайдаланып, бажы көзөмөлүнөн өткөндөрдөн акча өндүрдү деп айыпталууда.

Бул факт Жазык кодексинин 326-беренеси менен пара өндүрүүгө байланыштуу Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Бажы постунун жетекчиси 26-январда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында кармалганын Финансы полициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Аты-жөнүн толук жарыялаган жок.

Аны кармоо учурунда машинесинен 100 миң сом жана чет элдик валюталар табылып, шектүү акчанын булагын далилдеп бере алган эмес.

«Кызыл-Бел» бажы өткөрмө посту Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан. (BCh)

XS
SM
MD
LG