Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Пакистанда сот кабарчыны өлтүргөн адамды түрмөдөн бошотту


Ахмед Омар Саид Шейх.
Ахмед Омар Саид Шейх.

Пакистандын Жогорку соту 2002-жылы «Wall Street Journal» басылмасынын кабарчысы Дэниел Перлди өлтүргөн деп айыпталган теги британдык жаранды камактан бошотууну чечти.

Үч адамдан турган соттук коллегиянын эки мүчөсү Ахмед Омар Саид Шейхти түрмөдөн бошотууну колдоду.

Лондон Жогорку экономика мектебинин студенти Шейх 2002-жылы кармалып, өлүм жазасына кесилген. Былтыр апрелде сот болуп, өлүм жазасына тартуу боюнча чечим жокко чыгарылып, жети жылга эркинен ажыратууга алмаштырылган. Бул учурда АКШнын бийлиги бул чечимди айыптап, «террорчулуктун бардык курмандыктарын шылдыңдоо» катары сыпаттаган.

Дагы үч адам Перлди уурдоого байланыштуу айыпталып, өмүр бою түрмөгө кесилген. Жогорку соттун чечими менен алар да түрмөдөн бошотулушу керек.

Дэниел Перлдин үй-бүлөсү соттун акыркы чечимин сынга алып, «сот адилеттүүлүгүнө пародия» болгонун адвокаты аркылуу айттырышты.

38 жаштагы Дэниел Перл «The Wall Street Journal» басылмасынын Түштүк Азия өлкөлөрүндөгү бюросунун редактору болчу. Аны 2002-жылы Карачиде исламчыл согушкерлер боюнча иликтөө жасап жүргөн жеринен уурдап кетишкен. Бир айдан кийин анын башы алынып, өлтүрүлгөн тасма АКШнын Карачидеги консулдугуна жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG