Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Сания Токтогазиева: Күчтүү президенттик бийликте сот системасы эркин боло албайт


Солдон оңго: Сания Токтогазиева, Искендер Какеев, Таттыбүбү Эргешбаева, Бекболот Касаболотов жана Айжан Орозакунова.
Солдон оңго: Сания Токтогазиева, Искендер Какеев, Таттыбүбү Эргешбаева, Бекболот Касаболотов жана Айжан Орозакунова.

29-январда Бишкекте Кыргызстандын юристтер жамааты Конституциялык кеңешме сунуш кылган Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы сот системасын талкуулашты.

Жыйынга Клара Сооронкулова, Динара Ошурахунова, Сания Токтогазиева баштаган юристтер катышып, 1993-жылда кабыл алынган Баш мыйзамдан берки бийликтин сот системасын талкууга алышты.

Катышуучулар эгемен тарыхта кайсы президент келбесин, сотторго басым күчтүү болгонун белгилешүүдө. Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева Конституциялык палатынын түзүлүшү тууралуу маалымат берип, ал «президенттин колунда курал болуп» калганын баса белгиледи.

«Президенттин ыйгарым укуктары эбегейсиз болуп, парламенттики чектелип турганда Кыргызстандагы соттук система эч качан өз алдынча боло албайт. Эгерде биз таасирдүү соттордун болушун кааласак, бийликтеги кармап туруу жана тең салмактуулук механизмин камсыз кылышыбыз керек. Бул үчүн президент сотторду дайындоого таасири аз болууга тийиш. Конституциянын жаңы долбоорунда президент Конституциялык сотту да, Жогорку сотту да дайындай алат. Мындай болсо референдумдан кийин бизде өз алдынча соттук система болорун күтө алабызбы?» - деп суроо койду эксперт.

Буга чейин 27-январда Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алышты. Айрым өзгөртүүлөрдөн кийин ал Жогорку Кеңештин талкуусуна жиберилет.

Долбоордо президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Ал аткаруу бийлигин жетектеп, министрлер кабинетин, президенттин администрациясын, Коопсуздук кеңешин дайындайт жана башкарат.

Ошондой эле башкы прокурорду, УКМКнын төрагасын, Жогорку жана Конституциялык соттордун жетекчилерин, судьяларды дайындайт. Өз демилгеси менен референдум жарыялай алат.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору алгач 17-ноябрда сунушталган. 20-ноябрда аны талкуулоо жана толуктоо үчүн 98 мүчөдөн турган Конституциялык кеңешме түзүлгөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG