Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

Пентагон: Талибдер келишимдин талаптарын аткарбай жатышат


Ооганстандагы америкалык аскерлер.
Ооганстандагы америкалык аскерлер.

АКШнын Коргоо министрлиги Ооганстандагы тынчтыкты камсыз кылуу тууралуу келишимдин шарттарын талибдер аткарбай жатканын билдирди.

Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби 28-январдагы басма сөз жыйынында «Талибан» зомбулукту токтотуу жана «Аль-Каида» террорчул тобу менен байланышты үзүү боюнча милдеттенмелерин аткарбай жатканын билдирди.

Кирби бул милдеттенмелер аткарылмайынча Ооганстандагы абалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуу кыйын болорун эскертти. Пентагондун өкүлү бул келишимди ишке ашырууну колдой турганын кошумчалады.

Былтыр февраль айында АКШ жана «Талибан» 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу максатында тынчтык келишимине кол коюшкан. Ага ылайык, 2021-жылдын май айына чейин АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетиши керек.

Бул үчүн «Талибан» зомбулукту токтотуп, «Аль-Каида» сыяктуу террорчул топтордон колун үзүшү зарыл. Бирок кийинки убакта Ооганстанда жайкын тургундар арасында кол салуу, ар кыл жардыруулар көбөйүүдө.

Буга чейин жаңы ишке кирген АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Кошмо Штаттар Ооганстандагы тынчтык орнотуу үчүн «Талибан» кыймылы менен түзүлгөн келишимди кайрадан карап чыгууну көздөп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG