Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:46

Румынияда ооруканада чыккан өрттөн төрт киши каза болду


Румыниянын борбору Бухаресттеги ооруканада чыккан өрттөн кеминде төрт адам каза болду.

Бул медициналык жайда коронавирус жугузгандар дарыланып жаткан. Румын Ички иштер министрлигинин өкүлү Раед Арафаттын айтымында, үч адам өрттөн чыга албай каза болсо, бир адам ооруканада үзүлгөн.

Кырсыктан кийин 60 бейтап оорукананын башка бөлүмдөрүнө которулса, дагы 44ү шаардагы башка ооруканаларга жеткирилди. Өрт эмнеден чыкканы белгисиз. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Былтыр ноябрда Румыниянын чыгышындагы Пьятра Нямц шаарындагы коронавирус жугузгандар дарыланып жаткан ооруканада чыккан өрттөн 10 адам каза болгон.

Румыния - Европа Биримдигиндеги жарды өлкөлөрдүн бири. Калкы 19 миллионго жакын бул өлкөдө 721 миңден ашуун адам коронавирус жугузса, 18 миңден ашыгы каза болду.

XS
SM
MD
LG