Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Жерүй кенин иштетүүгө каршы Таласта чогулуш өтүп жатат


Жерүй кени.
Жерүй кени.

Талас районундагы Өмүралиев айыл өкмөтүндө бүгүн, 29-январда Жерүй алтын кенин иштетүүгө каршы чыккан жергиликтүү тургундардын катышуусунда чогулуш өтүп жатат. Аны социалдык тармактардын колдонуучулары түз алып көрсөтүп жатышат.

Айыл тургундары чогулуп, кенди иштетүүнүн жол-жобосун талкуулашууда. Чогулушта бул кенди иштетүүгө каршы чыккан адамдарга багытталган саясий куугунтук, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин, УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин жоопкерчилиги тууралуу кеп болууда.

Жергиликтүү бийлик жыйынга комментарий бере элек.

Жерүй алтын кенин «Альянс-Алтын» ишканасы 2015-жылдан бери иштетет. Ишкананын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Жерүй алтын кенинде 80 тоннадан ашуун алтын бар экени маалымдалган. 5-6-октябрдагы элдик толкундоо учурунда кенге тиешелүү айрым объектилер талкаланган. (BCh)

XS
SM
MD
LG