Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

Мугалим окуучуга жыныстык ыдык көрсөттү деп шек саналгандан кийин мектептер текшерилүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы №64 мектеп-гимназияда тарых сабагынын мугалими окуучуга жыныстык ыдык көрсөткөн деген шек менен кармалды.

Бул факт боюнча тиешелүү райондун ички иштер бөлүмү Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 165-беренеси («Уятсыз иш-аракеттер») менен сотко чейинки териштирүү ишин ачты.

Шектүү мугалим кармалып, убактылуу камакка алынды. Башкы прокуратура тараткан маалыматка ылайык 2020-жылдын 13-январында №64 мектепке мугалим болуп кирген жаран 1995-1997-жылдары Республикалык психикалык диспансердин балдар бөлүмүндө каттоодо болгон.

Ага бала кезинде «борбордук нерв системасынын жабыркоосунан кийин психикалык жана интеллектуалдык өнүгүшүнүн кечеңдөөсү» деген диагноз коюлган. Кийинчерээк ал каттоодон чыгарылган.

Мектеп окуучусу ыдык көргөн окуядан улам Октябрь районуна караштуу бардык орто мектептердеги кызматкерлер менен мугалимдерди текшерүү башталды.

Аталган мектептин жетекчилиги бул окуя боюнча комментарий бере элек.

Билим берүү жайларына ишке алууда Республикалык психикалык саламаттык борборунан тастыктама талап кылыш керек экендиги эскертилди. (BCh)

XS
SM
MD
LG