Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:20

Навальныйдын тарапташтары аны боштондукка чыгаруу талабы менен көчөлөргө чыгат


Москвадагы нааразылык жыйындардын биринде президент В .Путиндин басма сөз өкүлү Д. Песковдун карикатурасын көтөрүп жүрүштү. 2021-жылдын 23-январы.
Москвадагы нааразылык жыйындардын биринде президент В .Путиндин басма сөз өкүлү Д. Песковдун карикатурасын көтөрүп жүрүштү. 2021-жылдын 23-январы.

31-январда Орусиянын көптөгөн шаарларында катары менен экинчи жекшембиде миңдеген кишилер убактылуу абактагы Алексей Навальныйды бошотуу талабы менен нааразылык жыйындарга чыгаары күтүлүүдө.

Орусиянын Ички иштер министрлиги абактагы оппозициячыл саясатчы Навальныйды колдоо иретинде өлкөнүн ар кыл шаарларында нааразылык жыйындарга чыгууга беленденгендерге “көчөгө чыкпагыла, бул жыйындар – мыйзамсыз” деп алдын-ала эскертти.

Орусиянын Башкы прокуратурасынын 29-январдагы билдирүүсүндө нааразылык жыйындарга катышкандардын иш-аракети тополоңго катышуу катары карала тургандыгы баса белгиленди.

Москва полициясы борбор шаардын чордонундагы айрым аянттар жана жети метро бекети жекшембиде жабылаарын алдын ала маалымдады.

23-январда ушундай эле ураан менен Орусиянын 110дон ашуун шаарында өткөрүлгөн жыйындарга катышкан 4 миңдей киши коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалган.

Навальныйды боштондукка чыгаруу талабын жер жүзүндөгү коомчулук билдирүүдө. Алардын арасында АКШ жана Европа Биримдиги да бар.
Ал эми орусиялык бийликтер Навальныйдын шериктерин жана башка оппозиция өкүлдөрүн четинен кармап, айрымдарын үй түрмөгө отургузуп, бул жекшембидеги жыйындарды үзгүлтүккө учуратууга далаалат жасады.

Өлкөнүн Башмыйзамынын 31-беренесинде жарандар тынч усулда, куралсыз, эркин чогулууга акылуу экендиги таасын айтылган. (TT)

XS
SM
MD
LG