Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Өзбекстанда коронавирустун «британиялык штаммы» табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Буга чейин Улуу Британияда аныкталган коронавирустун жаңы штаммы (түрү) Өзбекстанда катталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменини маалыматына караганда, коронавирустун жаңы штаммы 23-январда Дубайдан үй-бүлөсү менен кайтып келген 10 жаштагы кыздан табылды.

«Аэропортто жүргүзүлгөн экспресс-тест оң натыйжасын көрсөтүп, ал жугуштуу оорулар ооруканасына жөнөтүлдү. Ошол эле күнү функционалдык клиникалык изилдөөлөр жүргүзүлүп, симптомсуз COVID-19 диагнозу коюлду», деп айтылат маалыматта.

Министрлик белгилегендей, учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Башка үй-бүлө мүчөлөрүнөн коронавирус аныкталбагандыктан үй карантинине жиберилген.

Коронавирустун жаңы мутацияланган түрү декабрдын орто ченинде алгач Улуу Британияда аныкталган. Андан бери бул түр Европадагы, Азиядагы жана Жакынкы Чыгыштагы бир нече мамлекетте табылды.

Дарыгерлердин маалыматы боюнча, бул штамм буга чейинки коронавирустун түрүнө караганда 70% тезирээк жайылат.

Илимпоздор азыркы кезде эң кооптуусу түштүк африкалык штамм экенин айтышууда. Анткени ал жугуштуу экени жана учурдагы вакциналарга да туруштук бере алары кабарланды.

XS
SM
MD
LG