Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:45

Конституциянын жаңы долбоору парламентке жибериле элек


Кыргызстандын Конституциясы.
Кыргызстандын Конституциясы.

Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип жазылган Баш мыйзамдын жаңы долбоору Жогорку Кеңешке жибериле элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди:

«Долбоорду бере элекпиз. Анткени көп сын айтылды. Ошолорду оңдоп, айткандарын киргизип атабыз. Кээ бирөөнүн сунушу өтүп кетти. Айрымдарыныкы алынбай калды. Биз добуш менен чечтик да».

27-январда Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү көпчүлүк добуш менен Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кабыл алышкан. Бекбосун Бөрүбашев ага алымча-кошумчалар киргизилип эки-үч күндүн ичинде Жогорку Кеңештин талкуусуна жиберилерин айткан.

Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоордо президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилди. Президент аткаруу бийлигин жетектейт, министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктайт, президенттин администрациясын, Коопсуздук кеңешин түзөт жана башкарат.

Башкы прокурорду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун жетекчилерин, судьяларды дайындайт. Андан тышкары өзүнүн демилгеси менен референдум жарыялайт. Мыйзам чыгаруу укугуна да ээ.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Кеңешме эки айдан ашык убакыт иштеди. (BTo)

XS
SM
MD
LG