Бишкек шаарынын мэриясы эпидемиологиялык абалга байланыштуу азырынча бала бакчалар ачылбай турганын жана мектептерде бардык класстар салттуу окутууга өткөрүлбөй калганын кабарлады.
Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясы 1-февралдан тартып баш калаадагы бала бакчалардын ишин жандандырууну чечкен.
18-январдан тартып калаадагы орто мектептерде 1,5,9,11-класстын окуучулары салттуу түрдө окуй башташкан. Алар окууну ушул бойдон уланта беришет. Эгерде Бишкекте коронавируска байланыштуу абал жакшырса 1-февралдан баштап бардык класстар мектепке барып окушмак.
Бирок 30-январда баш калаада 27 кишиден COVID-19 илдети табылып, оорудан эки киши каза болду. 31-январда Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандар Бишкекте эң көп катталып, 32 адамдан табылды.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда илдет жуккандардын жалпы саны 84 529 адам болду. Андан айыгып чыккандардын саны - 80 896 киши. (BTo)