Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

УКМК: Нургазы Анаркулов камалган эмес, иши тергелип жатат


Нургазы Анаркуловду кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт, 30-январь, 2021-жыл.
Нургазы Анаркуловду кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт, 30-январь, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нургазы Анаркуловду камакка алуу боюнча эч кандай бөгөт чарасы тандалбаганын билдирди.

Мекеме козголгон кылмыш иши тергелип жатканын жана анын жыйынтыгында ага карата юридикалык баа берилерин кошумчалады.

30-январда атайын кызмат Нургазы Анаркулов ири суммада пара талап кылууга байланыштуу шектүү катары кармалганын, ага карата сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча жүрүп жатканын кабарлаган.

Анаркулов бул кызматка 2020-жылы 5-6-октябрдагы элдик толкундоодон кийинки бийлик алмашууда дайындалган. Президент Садыр Жапаров 1-февралда Анаркуловду берген арызынын негизинде кызматтан бошотту.

Кылмышка шектүү өзү же анын жакындары УКМКнын айыптоосуна комментарий бере элек.

Айрым сайттар укук коргоо органдарындагы жеке булактарына шилтеме берип, Нургазы Анаркуловдун ишине байланыштуу жабырлануучу катары өтүп жаткан адам көрсөтмө берүүдөн баш тартканын, ушундан улам шектүү үй камагына чыгарылганын жазышты.

Шектүүнүн мыйзамдуу кармалганын жана анын бөгөт чарасын сот аныктайт. Азырынча бир да сот Нургазы Анаркуловдун ишин караганы тууралуу маалымат жок.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нургазы Анаркулов менен жеке тааныштыгы жана байланышы бар экенин ырастап, бул иштин тергелишине таасир этпей турганын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG