Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

«Электр станциялары» ишканасында жетекчи алмашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Жолдошбек Ачикеев өз арызынын негизинде кызматтан кетти. Анын биринчи орун басары Таалайбек Бектенов ишканага жетекчи болуп дайындалды.

«Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечимди директорлор кеңеши 1-февралда кабыл алды.

Жолдошбек Ачикеев аталган ишкананы 2020-жылдын февралынан бери жетектеп келе жаткан. Анын жумуштан кетүү тууралуу чечиминин себеби кабарланган жок.

«Электр станциялары» ачык акционердик коому - «Улуттук энергохолдингдин» курамындагы компаниялардын бири.

Анда өлкөдөгү бардык электр энергиясынын 98% өндүрүлөт. Ишкананын курамына жети ГЭС, эки ЖЭБ кирет. (NT)

XS
SM
MD
LG