Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 14:11

Өзбекстанда президенттин сынынан кийин түрк сериалы көрсөтүлбөй калды


«Канатсыз куштар» сериалы.

Өзбекстанда «Sevimli TV» телеканалы президент Шавкат Мирзиёевдин сынынан кийин түркиялык «Канатсыз куштар» сериалын көргөзүүнү токтотту.

Президент айрым каналдарда чет элдик фильмдер үстөмдүк кылганына нааразы экенин айткан.

Сөз болгон сериал «Sevimli TVда» 2019-жылдан бери көргөзүлүп келаткан.

Каналдын атын атабаган кызматкери «Азаттыктын» өзбек кызматынын («Озодлик») кабарчысына соңку чечимди берүүлөр сеткасы жаңыланып жатканы менен түшүндүрдү. Ал жергиликтүү тасмаларга көбүрөөк орун берилерин айтты.

Дагы бир кызматкер буга президенттин сын-пикири себеп болгонун, «жергиликтүү менталитетке туура келген фильмдерди тартуулоо» тууралуу көрсөтмө берилгенин маалымдады. Маалыматка караганда ушу тапта 30 сериялуу фильм тартуу пландалып жатат.

Буга чейин өзбекстандык айрым дин ишмерлери түркиялык фильмдерди «адеп-ахлакка төп келбейт» деген негизде көргөзүүгө каршы чыккан.

Өзбекстанда түрк сериалдарын буга чейин да экрандардан алып салган учурлар болгон.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG