Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:44

Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттү дээрлик бир добуштан колдоду


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 3-февралда премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповду жана ал сунуш кылган өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын жактырды. Аларды бекитүү тууралуу токтомдорду депутаттар дээрлик бир добуштан колдошту.

Марипов өз сөзүндө өкмөттүн курамы 48ден 16га азайтылганын билдирип, бул мобилдүү өкмөт түзүү, башкаруу системасын оптимизациялоо аракети экенин айтты жана өтө деле кубанып жатпаганын билдирди:

"Өтө деле кубанып, ушул кызматка келдим деп өтө деле сүйүнүчүм анча көп эмес. Себеби чындыгында абал оор. Биз иштешибиз керек силердин жардамыңыздар жана урматтуу президентибиздин колдоосу менен. Мен бардык сын-пикирлерди туура кабыл алам".

Депутаттардын макулдугунан кийин эми президенттин дайындоо тууралуу жарлыктары чыгышы керек.

Жогорку Кеңеш жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү иш-чарасын бүгүн уюштурууну пландап жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG