Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:05

Улуттук банк сатыкка дагы 38 миллион доллар чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги валюталык интервенция жүргүздү. Мекеменин маалыматына караганда, 4-февралда сатыкка 38 миллион доллар чыгарылды.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар 2020-жылдын март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган.

Учурда акча алмаштыруучу жайларда доллар 84,9 сомдун тегерегинде болуп жатат.

Улуттук банк 28-январда 45 миллион 700 миң долларды сатыкка чыгарган. Бул өлкөнүн башкы банкынын 2021-жылдагы биринчи жана он айдан бери эң көп суммадагы интервенциясы болуп калды. (RK)

XS
SM
MD
LG