Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Албек Ибраимовго аэропорттогу коррупция боюнча кылмыш иши козголду


Албек Ибраимов соттук жараяндардын биринде. 2018-жыл.
Албек Ибраимов соттук жараяндардын биринде. 2018-жыл.

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго карата дагы бир кылмыш иши «Манас» эл аралык аэропортундагы коррупцияга байланыштуу козголду.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, буга чейин аныкталган жемкорлук схемасы боюнча иштин алкагында "Манас" аэропортунун директорлор кеңешмесинин экс-төрагасы Албек Ибраимовдон тышкары, мекеменин мурдагы президенти Эмир Чукуев жана башка жооптуу кызматкерлер, "Мүлк" фонду менен Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин тиешелүү өкүлдөрү шек саналып жатат.

Башкы көзөмөл органы аэропорттогу коррупциялык схема "2016-жылдын июнунан 2020-жылдын ноябрына чейин уланган жана мыйзамсыз аракеттерден мамлекетке 893 млн. сомдук зыян келтирилген" деп эсептейт. Маалыматка караганда, азыр шектүүлөрдөн зыянды өндүрүү маселеси каралууда.

Буга чейин прокуратура «Манас» аэропортунда эл аралык каттамдарга жүк ташуу үчүн чет элдик «Гата эйрлайнс» компаниясына жеңилдиктерди мыйзамсыз берген коррупциялык схема ашкереленгенин билдирген.

Январдын аягында бул иштин алкагында аэропорттун алдындагы "Манас менежмент" компаниясынын мурдагы жетекчиси Нурсултан Белеков кармалып, эки айга камалган.

Камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалаштарынын бири Албек Ибраимов 2013-2016-жылдарда "Манас" аэропортунун директорлор кеңешмесинин төрагасы болгон. Андан кийин, 2016-2018-жылдарда Бишкек шаардык мэриясын жетектеген.

Ошол жылы Бишкекте мектеп курулушундагы коррупция үчүн айыпталып кармалган. Кийинчерээк ага «Дастан» ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөө тагылган. Соттун чечими менен 15 жылга кесилген.

Албек Ибраимов жана анын жакындары, адвокаттары коюлган айыптар негизсиз экенин айтып, муну саясий куугунтук деп баалашкан.

2020-жылдын октябрындагы окуяларда тарапкерлери Ибраимовду абактан бошотуп алышкан. Ал тополоң тынчыганда кайра колонияга кайтып барган эмес. Азыр кайда экени белгисиз болгон мурдагы мэрге укук коргоо органдары эл аралык издөө жарыялаган. Ага карата "Жаза өтөө жайынан качуу" беренесинин негизинде дагы бир иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.(NT)

XS
SM
MD
LG