Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Нарында көчөдө киши өлтүрүүгө шектүүлөр кармалышты


Баштапкы кабарларга ылайык, кылмышка шектүүлөр ушул автоунаада болушкан. Облустук ИИБнын басма сөз кызматы тараткан сүрөт.
Баштапкы кабарларга ылайык, кылмышка шектүүлөр ушул автоунаада болушкан. Облустук ИИБнын басма сөз кызматы тараткан сүрөт.

Нарында 6-февралда жергиликтүү тургунду көчөдө атып өлтүрүүгө шек саналган адам кармалды. Ал 25 жашта, Нарында турат.

Шектүү күнөөсүн толук моюнга алганын, "ИЖ-20" үлгүсүндөгү документи жок мылтыкты милицияга өткөрүп бергенин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка ылайык, кармалган жаран мурда бир канча жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү.

Ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар "Лексус GS 300" үлгүсүндөгү автоунаанын ээси, 24 жаштагы жергиликтүү тургун да колго түштү.

Өлтүрүлгөн адам 31 жашта, расмий кабарга ылайык, ал да уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.

Облустук ички иштер башкармалыгыны окуя кечки саат тогузга жакын болгонун кабарлады

Көчөдө жеңил автоунаада отурган кишини башка машинедеги белгисиз адам бир канча жолу аткан. Моюнунун сол жагына ок тийген жаран ооруканага жетпей көз жумган. (SE)

XS
SM
MD
LG