Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Бишкекте активисттер жекшембидеги салттуу жүрүшкө чыгышты


Жүрүшкө чыккандардын айрымдары. Уюштуруучулар тарткан сүрөт. 7-февраль, 2021-жыл.
Жүрүшкө чыккандардын айрымдары. Уюштуруучулар тарткан сүрөт. 7-февраль, 2021-жыл.

7-февралда Бишкекте кезектеги "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүшү өттү. Уюштуруучулар акцияга кырктай адам катышканын кабарлашты. Алар адаттагыдай эле Темир жол бекетинин алдына чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу Ала-Тоо аянтына келишти жана талаптарын айтып тарап кетишти.

Акцияда Кыргызстанда коррупцияны жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу чакырыктары айтылды. Катышуучулар колдоруна Конституциянын сүрөтүн, мыйзамдуулукка чакырган жазуулары бар плакаттары көтөрүп алышты. Президенттик аппарат же өкмөт тараптан акциядагы талаптарга комментарий боло элек.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүштөрү 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшембиде уюштурулуп келе жатат. Ага негизинен жарандык активисттер, кээде парламенттеги айрым саясатчылар катышат. (SE)

XS
SM
MD
LG