Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Германияда актёр жана актрисалар жапырт каминг-аут жасашты


Сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн желегинин элеси түшүрүлгөн беткаптар.
Сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн желегинин элеси түшүрүлгөн беткаптар.

Германияда 185 актер жана актриса жапырт каминг-аут жасап, гомосексуал, бисексуал же трансгендер экендигин маалымдашты. Билдирүү жана портреттер "Süddeutsche Zeitung" басылмасында жарыяланды.

Биргелешкен катышуучулардын манифести 5-февралда 16 тилде, анын ичинде орусча да басылды.

"Биз актерлорбуз. Биз сөзсүз түрдө өзүбүз образын жараткан адамдай болушубуз шарт эмес. Башка адамдарды ойнойбуз - бул биздин ишибиздин маңызы. Көбүнчө алар биздин көз караштарыбыз менен эч качан макул болбой турган каармандар",- деп айтылат билдирүүдө.

Манифесттин авторлору ЛГБТ өкүлдөрүнө мамилени өзгөртүүгө, аларды фильмдерде көбүрөөк көрсөтүүгө чакырышты.

Авторлор бул каминг-аут акциясын киноиндустриядан тышкаркы тилектештик жана башкаларды да аларды колдоого чакыруу деп аташты.

Каминг-аут (англисче "coming out" - ачыкка чыгуу деген мааниде)- адамдын сексуалдык же гендердик азчылыкка таандык экендигин ачык, ыктыярдуу таануу жараяны же ушундай жараяндын натыйжасы.

Ал арада АКШ президенти Жо Байден дүйнөдө лесбиянка, гей (кумса), бисексуал, трансгендер, квир жана интерсекс (LGBTQI) адамдардын укуктарын коргоону кеңейтүү жаатындагы жарлыкка кол койду. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги кабарлады.

"Бардык адамдарга урмат жана сый менен мамиле кылуу керек, ким экенине жана кимди сүйүшүнө карабай, ар бир адам коркпой жашай турган мүмкүнчүлүктөргө ээ болууга тийиш",- деп жазылган жарлыкта.

Күнжеле элесиндеги желек сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн туусу катары белгилүү. Аны "Эркиндиктин желеги" деп да аташат жана дүйнө түркүн түстөрдөн турат дегенди билдирет.

Байрак Гилберт Бейкер тарабынан 1978-жылы жасалып, Сан-Францискодо сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн массалык парадында көтөрүлгөн. Ошол жылы Калифорниядагы ачык кумса Харви Милк саясий кызматка - шаардык байкоочу кеңешке өкүл болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG