Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Коронавирустан беш киши каза болду, 118 бейтап оор абалда


Бишкек шаарындагы коронавируска карата тестирлөө.
Бишкек шаарындагы коронавируска карата тестирлөө.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 8-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан беш адам каза тапты. 42 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1431 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 113 адамга жетти. Андан айыгып чыккандардын саны - 81 714.

Стационарда 459 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 118 адам оор абалда, 31 киши өтө оор абалда жатат.

Амбулатордук дарыланууда 572 бейтап бар.

8-февралда беш медицина кызматкеринин арасынан коронавирус жугузуп алган учур катталды.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4187 болду, алардын 4102си айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты. (BCh)

XS
SM
MD
LG