Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Түркиядан беш көчмө клиника алып келүү пландалууда


Көчмө клиникаларды кароо учуру
Көчмө клиникаларды кароо учуру

Жакынкы күндөрү Түркиядан Кыргызстанга беш көчмө клиника алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев 5-февралда Анкара шаарындагы "Optima Techniс" заводуна барышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирүү таратты.

Заводдун жетекчилиги жана көчмө клиникаларды өндүргөн норвегиялык "Нормека АС" компаниясы, бул машинелерди алууну каржылап жаткан Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду.

Ар бир көчмө унаа клиниканын ичинде ультраүндүү жабдуу, томмограф, маммограф, рентген, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, эхокардиограф, биохимиялык анализдерди чыгаруучу лабораториялык жабдуулар менен кошо көз ооруларына операция жасоого ыңгайлашкан чакан операция жайы бар.

Азырынча бул клиникалардын Кыргызстанга качан келери тууралуу маалымат бериле элек.

Кыргызстанга буга чейин "Эргене" коомдук фонду тарабынан көчмө маммограф унаасы алып келинген.

Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында бир нече мобилдик клиникалар өлкөдөгү ири соода түйүндөрүнүн, базарлардын жанында калкты ВИЧ/СПИД жана гепатит, кургак учукка акысыз текшерип келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG