Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Ош: TMG телеканалынын жетекчилиги милицияга арызданарын айтты


TMG телеканалынын видеокөзөмөл камераларынан тартылган сүрөт. 2021-жылдын 9-февралы.
TMG телеканалынын видеокөзөмөл камераларынан тартылган сүрөт. 2021-жылдын 9-февралы.

Ош шаарында жайгашкан TMG телеканалынын жетекчилиги бир топ адам алардын кеңсесине уруксатсыз кирүүгө жасаган аракетине байланыштуу милицияга кайрылмай болду. Бул тууралуу 9-февралда “Азаттык” радиосуна телеканалдын жетекчиси Кубанычбек Жусанов билдирди.

Анын айтымында, бул күнү телеканалдын имаратына 15 чамалуу адам кирип барууга аракет кылып, журналисттерди туура эмес маалымат таратууга айыпташты жана түшүндүрмө берүүнү талап кылышты.

Телеканалдын кызматкерлери алар Шарк айылынын тургундары экенин, арасында Шарк айыл өкмөтүнүн кызматкерлери да болгонун айтып жатышат.

Журналист Ажибай Пайзидин уулу буга чейин да Шарк айылдык кеңешинин депутаты телефон аркылуу коркутканын билдирди.

Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы Таалайбек Тезекбаев бул окуя тууралуу кабары жоктугун айтып, эгер айыл өкмөт кызматкерлери барган болсо аларга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн белгиледи.

TMG телеканалынын журналисттеринин айтымында, алар аталган айылда 30 гектар үлүш жер жең ичинен сатылып кеткендиги тууралуу маалыматты иликтеп чыгышкан. Ошол иликтөө эфирге бүгүн, 9-февралда кетет. (MrA)

XS
SM
MD
LG