Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Кыргызстанда 2021-жылы 100 млрд. сомго жакын салык чогултуу планы коюлду


Кыргызстандын тыйындары.
Кыргызстандын тыйындары.

Мамлекеттик салык кызматы жаңы жылга карата планын көбөйтүп, мамлекеттик бюджетке 96 млрд. 768 млн. 796 миң сом каражат чогултуу милдетин койду.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна аталган мекеменин басма сөз катчысы Эркин Сазыков кабарлады.

Мунун ичинен 78 млрд. 690 млн. сом республикалык бюджетке, 17 млрд. 159 млн. сом жергиликтүү бюджеттерге түшөт.

Такталгандан кийинки маалыматтарга ылайык, 2020-жылы мамлекеттик бюджеттин планы 79 млрд. 124 млн. сом болсо, мунун 63 млрд. 490 миң сому республикалык бюджетке туура келген. Быйылкы план мындан 15-17 млрд. сомго көптүк кылат.

Былтыр мамлекеттик бюджеттин планы канча аткарылганы белгисиз, республикалык бюджеттин планы 100,2% аткарылган.

Бюджет боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга ылайык, 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 172 миллиард 891 миллион сом, ал эми чыгашасы 181 миллиард 354 миллион сом болот деп белгиленген. Тартыштык 8 миллиард 463 миллион сомдун чегинде болот деп мерчемделген. (ErN)

XS
SM
MD
LG