Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:49

Кыргызстанда балдарды текшерүүчү бир да мобилдик рентген жок


Ооруканадагы каттоо жайы.
Ооруканадагы каттоо жайы.

Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда балдарды тез арада текшере турган көчмө рентген жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган борбордун директору Камчыбек Узакбаев кабарлады:

"Азыркы тапта бизде кычкылтек концентраторлору жетиштүү санда. Бирок өпкө кагыны менен катуу ооруп келген балдарды реанимациялоочу жасалма дем алдыра турган 6-7 жабдуу жетишпейт. Ымыркайлар бөлүмүнө дагы кошумча болсо медиктерибиз ишенимдүү иштейт эле. Мындан тышкары балдарга тез арада диагноз коюп, дартын аныктоочу мобилдик рентген талап кылынууда. Азыр биз стационардык рентгенге тартып жатабыз. Мобилдик рентгенди бала жаткан жерге чейин көтөрүп барып, аны козгобой эле диагноз койсо болот. Бул таңкыстык боюнча Саламаттыкты сактоо министрине кайрылдык. Эми жооп күтүп жатабыз. Жакын арада чечилип калар".

Кыргызстанда өпкө кагынына чалдыккан балдар январь, февраль айында көбөйдү.

9-февралга карата ооруканада 150дөн ашык бала пневмония менен дарыланып жатат.

Коронавирустан кийин өрчүп кеткен Кавасаки синдромуна шектелип отузга чукул бала ооруканада. Анын 15инин диагнозу такталды. (BCh)

XS
SM
MD
LG