Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Бишкек: Түндө шаардык соттун эшигин талкалап кирип баргандар изделүүдө


Шаардык соттун имараты.
Шаардык соттун имараты.

Бишкек шаардык сотунун имаратына түнүчүндө белгисиз бирөөлөр кирип барганына байланыштуу окуяны укук тартибин коргоо органдары иликтей башташты. Бул тууралуу 10-февралда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, окуя 10-февралга караган түнү болгон. Белгисиз бирөөлөр имаратка эшиктин кулпусун сындырып кирип барышкан.

Бардык иштер ордунда экени, жарандык, жазык же административдик иштер жоголгону жөнүндө азырынча маалымат жок экени айтылды.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө шаардык соттогу айрым иштер уурдалганы тууралуу маалымат тараган. (RK)

XS
SM
MD
LG