Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 06:32

Муфтий Максатбек Токтомушев кызматынан баш тартты


Муфтий Максат Токтомушев.

Бүгүн, 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кызматынан баш тартты. Ал өз каалоосу менен арызын жазганын "Азаттыкка" муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Жаңы муфтий дайындалганча бул кызматты анын орун басары убактылуу аткарып турмай болду.

Мекеме муфтияттын башкы бухгалтери боюнча соттун чечиминен кийин маалымат берилерин белгиледи.

Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) муфтияттын башкы бухгалтери мыйзамсыз финансылык иштерден улам кармалганын жарыялаган. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (15)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG