Финансы полициясы Транспорт жана жолдор министрлигинин Автомобиль жолдору боюнча мамлекеттик дирекциясындагы коррупцияга байланыштуу 28 ишти иликтеп бүтүп, сотко өткөрүп берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 10-февралда билдирди.
Буга чейин 2018-жылдын 1-декабрынан 2020-жылдын 20-мартына чейин "Сосновка" жана "Кара-Күл" көзөмөл өткөрмө пункттарынан өткөн машинелер боюнча маалыматты бурмалоого байланыштуу коррупциялык схемалар аныкталганы айтылган.
Эсеп палатасы жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында айтылгандай, бул схемалардан өлкө бюджети 20 миллион сом зыян көргөн. Кылмышка шектүүлөр бул сумманы толугу менен кайра кайтарып беришкен.
Азыркы тапта сотко чейинки териштирүүлөрдүн натыйжасында Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча аталган министрликтин айрым кызматкерлери кылмыш жообуна тартылууда. (BCh)