Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:17

Беш жылда 7,5 миң үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоо планы иштелип чыкты


Бишкектеги курулуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги курулуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт "Менин үйүм 2021-2026" аттуу программасынын алкагында алдыдагы беш жылда 7,5 миңден ашуун үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоону пландап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов катышкан өкмөттүн жыйынында маалым болду.

10-февралда өткөн жыйында Экономика министрлиги менен Мамлекеттик ипотекалык компания иштеп чыккан план талкууланды. Планга ылайык, жалпы аянты 150 миң чарчы метрден кем эмес турак жай курулуп, 5 миллиард сом инвестиция тартылышы керек болот.

Бул үчүн өнөктөш банктар менен донорлорду тартып, пайыздык чени аз насыя берүү жол-жобосун иштеп чыгуу каралууда.

Беш жыл мурда түзүлгөн Мамлекеттик ипотекалык компания буга чейин насыя берүүдө бюджеттик кызматкерлерге басым жасала турганын билдирген.

Эки жыл мурда насыя бардык жарандарга берилет деген чечим чыккан.

Мекеме беш жыл ичинде жалпы 5,5 миллиард сомдук 4 700 насыя берген. (BCh)

XS
SM
MD
LG