Жогорку Кеңештин 10-февралдагы жыйынында “Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору талкууланып жатат.
Мыйзамды Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет сунуштаган.
Парламентке мыйзам боюнча маалымат берүүгө барган Айыл, суу чарба министрлигинин өкүлдөрүнө депутаттардын бир топ сыны айтылууда.
Депутат Эрмамат Тагаев жылына мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнгөн бул министрликти жоюп салып, дыйкандар өз алдынча эле иш кылса туура болорун айтты.
Айыл, суу чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев үрөнчүлүктүн сапатын арттыруу үчүн бюджеттен дыйкандарга 50 миллион сомдук дотация берилгенин маалымдады.
Бирок кайсы облустарга кандай өлчөмдө берилгени тууралуу так маалымат айтылган жок.
Эл өкүлдөрү министрликтин ишин сынга алышып, асыл тукум мал чарбачылыгы жана үрөнчүлүктүн сапатын арттырууда алгылыктуу иш аткарылбай жатканын белгилешти. (BCh)