Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

Депутат жергиликтүү шайлоодо жапырт ташуу кайталанышы мүмкүн экенин эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шайлоочулардын добушкананы алмаштырып добуш берүүсүнө шарт түзүүчү №2 форма жергиликтүү кеңештерди шайлоодо да колдонулуп, мыйзам бузууларга алып келиши ыктымал. Мындай кооптонуусун 10-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди:

“Мен ошол боюнча мыйзам долбоорун жазсам, конституциялык комитеттен дагы эле өтпөй жатат. Комитет карасын, себеби мына, жергиликтүү шайлоо башталып жатат, дагы эле ошол №2 форма боюнча шайлоочуларды ташуу башталат”.

2020-жылы 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоодо 500 миндей адам №2 форма аркылуу добушканаларды алмаштырган. Бул ошол шайлоочулардын добушун сатып алуунун далили катары бааланып, 5-октябрда өлкөдө ири нааразылык акциялары башталган жана бийлик алмашкан.

Кийин №2 форма менен добуш берүү ыкмасы жокко чыгарылып, мындай укук чет жактагы шайлоочуларда гана калтырылган.

10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо Кыргызстанда бул форма колдонулган жок.

11-апрелде өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Бул өнөктүк 2020-жылдын апрелинде болмок. Беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттары шайланмак. Бирок коронавируска байланыштуу абалдан улам бул өнөктүк убактылуу токтотулган.

Жергиликтүү депутаттарды шайлоого байланыштуу былтыр дагы бир маселе чыккан. Ош, Токмок жана Каракол шаарларына жакын аймактарда адамдардын жапырт каттоого турушу байкалган. Муну шайлоого катышууну пландаган айрым саясий партиялар добуш сатып алуу үчүн уюштурганы айтылган. Башкы прокуратура сотко чейинки териштирүү баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG