Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:34

Жалал-Абад облусунда салыктын 70% "сол чөнтөккө" кетип жатканы айтылды


Жыйын маалында маалымат берип жаткан салык кызматынын өкүлдөрү.
Жыйын маалында маалымат берип жаткан салык кызматынын өкүлдөрү.

Жалал-Абад облусунда ишкерлер тапкан киреше боюнча салык 70% ачыкталбай жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев 10-февралда өткөн облустук жыйында айтты.

Жыйында белгилүү болгондой, облуста өндүрүлбөй калган салык төлөмдөрүнүн суммасы 2021-жылдын 1-январына карата 381 миллион сомду түзүп, өткөн жылга салыштырганда 140 миллион сомго көбөйдү.

Район-шаарлардын ичинен өнө элек эң көп карыз Ноокенде 40 миллион сом болсо, Жалал-Абад шаарында 68 миллион сомго жеткен.

Облус башчысы ишкерлерди мыйзам жолуна түшүүгө чакырып, салыктарды жашырбоо керектигин айтты:

"Салык кызматы ошолор берген отчетуна эле макул болуп, ишкерлер менен бир болуп жатасыңар. Салыктын 30% эле көрсөтүлүп, 70% сол жакка кетип жатат".

Кыргызстан «Transparency International» уюмунун жемкорлук боюнча тизмесинде 2020-жылдын жыйынтыгы менен 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээледи.

Мамлекеттик салык кызматы быйылкы жылга карата планын көбөйтүп, мамлекеттик бюджетке 96 миллиард сом каражат чогултуу милдетин койгон. (TB)

XS
SM
MD
LG