Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:31

УКМК: "Женго" каймана аты бар Кадыр Досонов кармалды


Кадыр Досоновду кармоо учуру.

11-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча атайын операциясынын жыйынтыгында "Женго" каймана аты бар, өлкөнүн түштүк аймагын "көзөмөлдөгөн кримтөбөл" деген Кадыр Досонов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Досонов Ош шаарынан кармалып, Бишкекке алып келинди жана атайын кызматтын убактылуу камак жайына киргизилди.

Буга чейин Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева ал УКМКнын Оштогу башкармалыгына өзү барганын "Фейсбук" баракчасына жазган.

УКМК 2020-жылдын 30-ноябрында Досоновго издөө жарыяланганын кабарлаган. Ал ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деген негизде 2015-жылдын 6-февралында кармалган. Досонов өзү мындай айыптоолорду четке каккан жана 2017-жылы Жогорку соттон толук акталып чыккан. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG