Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:50

Ала-Букада кыргыз-өзбек чек арасындагы айылдын тургундары нааразылыгын билдиришти


Көк-Серек айылы
Көк-Серек айылы

Кыргызстандын Өзбекстан менен чектеш тилкесиндеги Жалал-Абаддын Көк-Серек айыл аймагында 12-февралда жергиликтүү тургундары менен Чек ара кызматынын жана бийликтин өкүлдөрү жолугушту.

Жолугушууда Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагына караштуу Кош-Болот участогунда жаралган маселе талкууланды.

Жергиликтүү тургундар кыргыз-өзбек тилкесинде тактала элек жерге өзбек тарап зым тартып койгонуна, мал жая турган жерлери азайып жатканына нааразылыгын айтышты. Бул тууралуу "Азаттыкка" айыл тургуну Өмүрзак Аскаралу уулу айтып берди:

"Негизи Өзбекстан зым тор менен тоскон. Андан бери бир топ эле өтүп келип жатат. Биро топ жер кетип калып жатат".

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, 11-февралда жергиликтүү тургундар чек ара тилкеси толук такталмайынча ишти токтотуп турууну талап кылышкан:

"Ал жерде Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы чек ара кызматкерлери, кадастрдын өкүлдөрү менен бирге иш жүргүзүп жатканда ал жердин тургундары келип, жумушту токтотууну айтышкан. Биз тийиштүү кызматтардын баарына эл менен сүйлөшүп, бир пикирге келүү керектигин айттык".

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын маалыматына караганда, азыркы учурда кыргыз-өзбек чек арасында абал тынч.

Мекеме билдиргендей, 11-февралда Ала-Бука районунун Кара-Белес жерлигинде Кыргызстандын Ала-Бука багыты жана Өзбекстандын Пунган багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн. Сүйлөшүүгө эки өлкөнүн кадастр адистери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан. Адистер чек ара сызыгын жеринен тактап жатканда Кош-Болоттун 40 чакты тургуну сызыктын ошол жерден өтүшүнө каршылыгын билдиришкен. Кырдаал курчуп кетпеши үчүн иш токтотулган.

Жалал-Абад облусунда чек арасы тактала элек 6 тилке бар.

Өзбекстан тарап Көк-Серектеги сүйлөшүүлөр жана жергиликтүү тургундардын айтканы боюнча ырасмий комментарий бере элек. (TB)

XS
SM
MD
LG