Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

"Кансыз согуш" жылдары АКШга качып кеткен румын чалгынчысы каза болду


Ион Михай Пачепа
Ион Михай Пачепа

“Кансыз согуш” жылдары АКШдан саясий башпаанек алган Румыниянын чалгын кызматынын мурдагы офицери Ион Михай Пачепа коронавирустан улам каза болду. Аны “социалисттик блоктон Батышка качкан эң жогорку офицер” деп аташчу. 92 жаштагы Пачепа 14-февралда АКШда ооруканада көз жумган.

Ал 1950-жылдары Румыниядагы тышкы чалгын кызматына жумушка кирип, бул органдын төрага орун басарлыгына чейин жеткен. Румыниялык диктатор Николай Чаушескунун кеңешчиси болгон Пачепа 1978-жылы АКШга качып, бул өлкөдөн баш паанек алган.

Ал Кошмо Штаттарда эки жолу аты-жөнүн өзгөртүп, мамлекеттин коргоосунда жашаган. Өз убагында Чаушеску Пачепанын башы үчүн 1 миллион доллар сыйлык койгон. Кийин ал өз башынан өткөргөндөрдү, СССРдин Коопсуздук комитети менен кызматташтык жөнүндө бир нече китеп жазган.

XS
SM
MD
LG