Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:25

Бишкекте коронавирустан эки адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 17-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19дан жана пневмониядан баш калаа Бишкекте эки адам каза болду​. Республика боюнча 55 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган былтыркы март айынан бери илдеттин курмандыктары 1446 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 619 адамга жетти. Андан айыгып чыккандар 82 452 адам болду.

Азыркы тапта ооруканада 410 бейтап дарыланууда, алардын 123ү оор, 22си өтө оор абалда. Үйүнөн 371 бейтап дарыланып жатат.

17-февралда медицина кызматкерине коронавирус жуккан бир учур катталды.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4197, алардын ичинен 4126сы айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты.(BCh)

XS
SM
MD
LG