Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:15

Кыргызстандын медициналык окуу жайларын Пакистандын "кара тизмесинен" чыгаруу талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Пакистанга 16-февралда иш сапар менен барып, Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларын бул өлкөнүн "кара тизмесинен" чыгаруу маселесин талкуулады.

Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш сапар учурунда министр Бейшеналиев Пакистандын билим берүү жана кесиптик-техникалык билим алуу министри Шафкат Махмуд жана жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы Тарик Банури менен жолукту.

Тараптар орто жана жогорку, кесиптик, техникалык билим берүү жаатында тажрыйба алмашууну, пакистандык студенттердин Кыргызстандагы билим алуусуна шарт түзүү жана медициналык окуу жайларды Пакистандын "кара тизмесинен" чыгарууну сүйлөштү.

2020-жылдын октябрь айында Пакистан Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайларды "кара тизмеге" киргизип, өз атуулдарын бул окуу жайларга тапшырбоого чакырган.

Буга Кыргызстандан дарыгерлик диплом алган пакистандыктардын 90% Пакистандагы милдеттүү сынактан өтпөй, дипломдору жарабай калганы жүйө келтирилген.

Кийинчерек Кыргызстандын төрт медициналык жогорку окуу жайы "кара тизмеден" чыккан. (BCh)

XS
SM
MD
LG