Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

Өкмөт машинанын катализаторун сыртка ташууга тыюу салууну сунуш кылды


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өкмөт автомашиналардын катализаторун сыртка алып чыгууга жарым жылга тыюу салууну сунуш кылды. Бул тууралуу 17-февралда “Азаттык” радиосуна өкмөттүн тийиштүү токтомунун долбоорун иштеп чыккан Экономика жана финансы министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай чектөө убактылуу киргизилет, эгер зарыл болсо мөөнөтү кийин узартылат.

Токтом “Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууда болгон катализаторлорду, катализатордун курамындагы баалуу металлдардын шлактарын, күлүн жана калдыктарын ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө” деп аталат.

Автомашинаны иштетүүдөн чыккан зыян заттарды тазалоочу катализаторлорду кымбат сатып алып, чет жакка жөнөтүп жаткандар, аларды уурдап кеткендер соңку айларда көбөйдү.

Катализатордун курамында кымбат баалуу палладий бар. Адистердин айтымында, азыр анын наркы алтындан да жогору болууда.

Бишкек абасы булганган шаарлардын катарында турат. Буга Жылуулук электр борборунан, автотранспорттон жана көмүр жагуудан чыккан түтүн себеп экени айтылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG