Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Депутат Нурдинов Конституциянын долбоорун кабыл алууга ашыкпоого чакырды


Бейшеналы Нурдинов.
Бейшеналы Нурдинов.

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алууда шашпоого чакырды. Бул тууралуу ал 17-февралда Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулоо боюнча парламентте өтүп жаткан жыйында билдирди:

«Конституцияны өзгөртүүнү азыр иштеп жаткан Конституцияда кандай каралса, ошол негизде кабыл алышыбыз керек. Биринчи окууга эки ай берилдиби, эки ай карашыбыз керек. Экинчи окууга эки ай берилдиби, эки ай карайлы. Үчүнчү окууга үч ай болсо, аны да аткаралы. Анан шашып атабыз. Өкмөткө тынчтык керек деп депутаттар ушуга чейин көп эле нерсеге макул болуп келдик».

Бейшеналы Нурдинов эгерде Конституциянын жаңы долбоорун референдумга жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу чыгаруу керек болсо анда шайлоону кийинкиге жылдыруу зарылдыгын айтты.

Парламентте мындан тышкары Баш мыйзамдын сунушталып жаткан жаңы долбооруна өзгөртүү киргизүү маселеси суроо жаратты. Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев кеңешме ишин жыйынтыктаганын, эми мындан ары долбоорду өзгөртүү маселеси парламенттин колунда экенин билдирди.

Ал эми жыйынды алып барып жаткан депутат Нурбек Алимбеков Конституциянын жаңы долбооруна депутаттар өзгөртүү киргизе алабы, ал кандай жол менен болот, так жооп бере алган жок.

Жогорку Кеңеште долбоордун автору деген депутаттар жана эл өкүлдөрү сунуштаган Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыккан Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү документти талкуулап жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG