Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:31

Жапаров: Кыргызстанда орусиялык банктардын өкүлчүлүктөрү ачылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Орусиянын бир-эки банкынын өкүлчүлүктөрү ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-февралда Орусиядагы иш сапарынын алкагында Москвада кыргызстандыктар менен жолугушуусу учурунда айтты.

Жапаров билдиргендей бул маселени ал орус президенти Владимир Путин менен талкуулап, оң жооп алды:

“Владимир Владимирович менен сүйлөшкөндө мен ушул маселени көтөрдүм. Кыргызстанга Орусиянын банктарын ачууга сөз берди. Өкмөткө команда берип, банктары жакында ачылат Кыргызстанда. Бул мен көтөргөн маселе болду. Сурандым. Бир-эки банк ачыла турган болду”.

Жапаров менен жолугушууга катышкан кыргызстандыктар Орусиядагы банк карталары менен Кыргызстанга барганда банкоматтан акчасын чыгара албай кыйналарын айтышкан.

Кыргызстанда 23 коммерциялык банк бар. Миллиондон ашуун кыргызстандык чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрүшөт, алардын көбү Орусияда. (RK)

XS
SM
MD
LG