Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:30

Депутат Бекешев добуш сатып алуу аракети кайра башталганын билдирди


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жергиликтүү шайлоодо ыплас ыкмалар кайрадан колдонулушу ыктымал деген кооптонуусун билдирди. Бүгүн, 28-февралда депутат “Телеграмдагы” каналында Бишкекте жашабаган адамдарды шаарга каттоого тургузуп жатышканы тууралуу маалыматы бар экенин билдирип, бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына кайрыларын айтты:

“Азыр айылдардан шаарга алып келип, каттоого тургузуп, добуш бердиртүү аракети көрүлгөн учурлар бар экенин билем. Бул форма №2 эмес, жөн гана кайра каттоо. Ушуга байланыштуу Мамкаттоого кайрылып, маалымат алганы жатам. Себеби акча менен адамдарды шаарга ташый башташканын угуп жатам. Мындай нерселерди көзөмөлгө алуу керек”.

Добуштарды жапырт сатып алуу 2020-жылдын октябрындагы кезектеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгышын жана өлкөдө бийликтин алмашуусун шарттаган.

Быйыл 11-апрелде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке шайлоо болот.

Жергиликтү шайлоо 2020-жылдын жазында өтмөк, бирок коронавируска байланыштуу убактылуу токтотулган. Бул өнөктүккө карата катталган дарегин жапырт алмаштырган адамдар маселеси чуу жараткан. Алар документин кайра тууралай албай убара тартып жатышканы боюнча маселе 4-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG