Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:07

ЕАЭБге товар экспорттоодо ветеринардык жана фитосанитардык текшерүү алынды


Эркечтам бажы бекети.
Эркечтам бажы бекети.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө Кыргызстандан товар экспорттоодо бири-бирин кайталаган ветеринардык жана фитосанитардык текшерүүлөргө тыюу салынды.

Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы таратты. Ага ылайык, мурда сыртка экспорттолуучу товарларга ветеринардык жана фитосанитардык текшерүүдөн өткөнү тууралуу маалымкат талап кылынчу.

«Бири-бирин кайталаган текшерүүлөрдөн өтүү көп убакытты талап кылып, ишкерлерге ыңгайсыздык жаратчу. Ошондуктан, аны алып салуу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул чечим Кыргызстандан ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө товар экспорттоодогу машакаттарды жеңилдетет», деп жазылган өкмөттүн сайтында.

Ошол эле учурда чек ара, бажы, автоунаа жана радиациялык текшерүүлөр улантылат.

ЕАЭБдин алкагында товар экспорттоодо ветеринардык жана фитосанитардык текшерүүгө тыюу салуу тууралуу токтомго премьер-министр Улукбек Марипов 27-февралда кол койгон. Токтом жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргызстан ЕАЭБге 2014-жылы кирген. Кийинки жылдары уюмга мүчө болуу Кыргызстанга пайда алып келбей жатканын айткан пикирлер парламентте козголуп, ич ара пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG