Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Дональд Трамп 2024-жылдагы президенттик шайлоого катышуу ниетинде


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2024-жылдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Орландодо консервативдик саясий аракеттер конференциясында (CPAC) сүйлөп жатып билдирди.

Президенттик кызматтан кеткенден кийин эл алдына алгачкы жолу чыккан Трамп жаңы партия түзөт деген сөздөрдү төгүндөп, Республикалык партиянын лидери экенин бышыктаганга аракет кылды.

“Мен силер менен бирге болуп, күрөшүүнү улантам. Жаңы партия негиздебейбиз. Биздин Республикалык партия бар жана ал мурдагыдан да бирдиктүү, күчтүү болот”-деди экс-президент.

Трамп былтыр 3-ноябрдагы шайлоодо жеңилгенин моюнуна албай, президент Жо Байденди кайрадан сындады. Ал Байдендин президенттик алгачкы бир айын “катастрофалык” деп атады.

Дональд Трамп АКШнын башка экс-президенттеринен айырмаланып саясий талаадан четтебей турганын, өзүнөн кийин келген президентке сын айтпай туруу салтын карманбастыгын ачык ишарат кылды.

Буга чейин Жо Байдендин администрациясы Трамптын билдирүүлөрүнө көңүл бурбасын билдирген.

XS
SM
MD
LG