Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алууну көздөп жатат


Садыр Жапаров.

Кыргыз бийлиги Казакстан жана Өзбекстандан электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Казинформ» агенттигине курган маегинде билдирди.

1-мартта жарыяланган маекте президент аймактагы сугат маселесин чечүүнүн жолдору тууралуу айтты:

"Биз азыр Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын импорттоону караштырып жатабыз. Казакстан Республикасы 900 млн.- 1 млрдга жакын квт электр энергиясын бизге сатууга даяр экенин айтты. Өзбекстан менен да макулдашуулар жүрүп жатат. Эгер биз азыр сиздерден электр энергиясын албасак, анда бизде топтолгон сууну агызып, ал аркылуу өз элибизди электр менен камсыздоого туура келет. Ошол суунун кесепетинен сугат мезгилде өзбекке да, казакка да, эч кимге суу жетпей калат. Анткени, Токтогулда суу азайып кетет. Өзүбүз электр энергиясын өндүрүүгө киришсек анын жыйынтыгы ушундай болушу мүмкүн. Ошондуктан, биз Казакстан менен Өзбекстандан энергияны импорттоого тийишпиз. Бул баарыбызга ыңгайлуу. Натыйжада, сугат мезгилинде коңшу мамлекеттер менен милдеттемелерибизди аткарабыз деген үмүттөбүз".

Жапаров 2-3-мартта Казакстанга мамлекеттик сапар менен барганы жатат. Анын жүрүшүндө казак президенти Касым-Жомарт Токаев баштаган расмий өкүлдөр менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты, өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулай турганы расмий кабарланган.

Буга чейин «Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик компаниясы Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кескин түшүп кетип, энергетикалык таңкыстык коркунучу бар экенин билдирген. 24-февралдагы маалыматка караганда, Токтогулдагы суунун көлөмү 9,8 млрд куб метрди түздү. Быйыл Кыргызстандын энергетикасы суу аз топтолгон мезгилди баштан кечирүүдө. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG