Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Ак калпак күнүнүн 10 жылдыгы белгиленүүдө


Бишкек. 4-март, 2021-жыл.
Бишкек. 4-март, 2021-жыл.

Кыргызстанда бүгүн - Ак калпак күнүнүн 10 жылдыгы белгиленип жатат.

Бул күндү белгилөө Бишкекте 4-мартта башталды.

"Ала-Тоо" аянтында калпакты жана улуттук кийимдерди даңазалаган иш-чара өттү. Ал манасчылар, акындар, ырчылар, салбуурунчулар жана башка өнөр адамдары катышкан улуттук кийимдер парады, концерттик программа менен коштолду.

Ак калпак майрамынын он жылдыгына карата он боз үй тигилди. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев баштаган жетекчилер, депутаттар сөз сүйлөштү.

Журналист Элнура Кулуева баштаган топ уюштурган иш-чара улуттук баш кийимди аздектөө, кыргыз элинин баалуулугу катары баалоо максатын көздөйт.

Президент Садыр Жапаров 5-мартта кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады:

"Канчалаган чет мамлекеттерде, маданий, спорттук иш-чараларда ак калпагын шаңкайта кийип бараткан мекендештерибизди көргөндө Ала-Тоо көчүп бара жаткандай сезимге бөлөп, башка элдерден айырмалап, көркөмдүк кооздугу жана касиети көрктөп турат. Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат деп ишенем", деп жазылган куттуктоодо.

Ак калпак күнү 2011-жылдан баштап белгиленип келген. 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп расмий түрдө белгилеген.

Кыргыз калпагы тилик калпак, айры калпак, сайма калпак, туюк калпак болуп бир нече түргө бөлүнөт.
2016-жылы кыргыз-күрк «Манас» университетинин студенттери бийиктиги 3 метрге жакын калпак жасашкан. (MZh)

XS
SM
MD
LG