Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

Кыргызстанда “Ишкер аялдарды колдоо” акциясы башталды


Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело ишкер аялдан товар сатып алууда. 2021-жылдын 7-марты.
Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело ишкер аялдан товар сатып алууда. 2021-жылдын 7-марты.

Аймактардагы аялдардын ишкерлигине коомчулуктун көңүлүн буруу, колдоо жана алар өндүргөн товарларды сатып алууга чакырган 2 айлык акция башталды. Акциянын алкагында аял ишкерлер өндүргөн товарын сатууга шарт түзүү үчүн айыл-кыштактарда бир катар иш-чаралар пландалууда. Бул тууралуу акциянын уюштуруучулары кабарлады.

Социалдык тармактарда “Ишкер аялды колдоо” аталышында флешмоб уюштурулат. Анда айылдагы кыз-келиндер өндүргөн товары жөнүндө видео менен бөлүшүп башкаларга эстафета катары жөнөтөт. “Ишкер аялды колдоо” акциясын “Айым Баштайт” коомдук уюму уюштуруп жатат.

7-март күнү акциянын расмий башталышына арналган иш-чара өттү. Ага өлкөнүн айыл чарба, суу чарба жана региондорду өнүктүү министри Аскарбек Жаныбеков, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело жана башка эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышты. Иш-чарада аялдардын товарын сатуу үчүн атайын тиркеме иштелип чыгарылары айтылды.

Улуттук статистика комитетинин 8-мартка карата берген маалыматына караганда 2021-жылдын башында Кыргызстанда аялдардын саны 3,3 млн болуп, жалпы жарандардын 50,4 пайызын түздү. Бул эркектердин санына салыштырмалуу бир аз көбүрөөк. Ош жана Жалал-Абад облустарында тескерисинче эркектердин саны аялдардан ашык.

Аялдардын үчтөн экиси (64%) айылда жашайт. Ар бир бешинчи аял Жалал-Абад же Ош облустарында, ал эми ар бир алтынчы аял Бишкекте жашайт.

2019-жылы эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын 48% иш менен камсыздалган. Экономика тармагында иштеген аялдардын орточо жашы 39 жаш. Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, мейманканалар жана ресторан, соода сыяктуу тармактарда негизинен аялдар иштешет. (TSh)

XS
SM
MD
LG